Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 96-орунда
27 ноябрь 2020

Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 96-орунда

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 96-орунду ээледи. Октябрь айында улуттук команда дал ушул орунда болчу.

Тизмеде жалпысынан 210 команда бар. Алдыңкы үчтүккө Франция, Бельгия жана Бразилия кирди. Кийинки орундарда Англия, Португалия жана Испания турат. Россиянын курама командасы беш орун төмөндөп 39-орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, коронавирус пандемиясынан улам улуттук курама командалардын футболдук беттештери жылдырылган. Тактап айтканда, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат менен Азия Кубогу кийинкиге жылдырылды.