Кыргызстандын парламенти уурдалган компьютерлердин ордуна 11,6 миллион сомго компьютер сатып алат
28 ноябрь 2020

Кыргызстандын парламенти уурдалган компьютерлердин ордуна 11,6 миллион сомго компьютер сатып алат

Жогорку Кеңеш компьютердик жабдууларды жана программалык камсыздоону 15,2 миллион сомго сатып алууга тендер жарыялады. Тийиштүү маалыматтар мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Тактап айтканда, шаймандардын өзүнө 11,6 миллион сом, ал эми анын программалык камсыздоосуна 3,6 миллион сом сарпталат. Кеп компьютерлерди, принтерлерди, ноутбуктарды, мониторлорду, сервердик жабдууларды, үзгүлтүксүз кубаттуулуктары сатып алуу жөнүндө болууда.

Парламенттеги мындай техникалык жабдуулар 2020-жылдын 5-6-октябрдагы окуялар учурунда уурдалган же жок кылынган. Парламенттин басма сөз кызматы сатып алуу тизмесине эң керектүүлөрү гана жазылган билдирди.