
Мыкты айыл өкмөттөр тандалды
Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров жыл сайын өтүүчү «Мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Сыйлык тапшыруу аземи 22-декабрда өттү.
Сыйлык тапшыруу учурунда ал аймактарды өнүктүрүү өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи.
«Өлкөнүн калкынын көпчүлүгү айыл жеринде жашаарын эске алганда, айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү жамааттарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана айыл жериндеги жашоону жакшыртуу боюнча демилгелерин өкмөт ар дайым колдойт», — деди Сабиров.
Ал өзгөчө көңүл айыл чарба жана өнөр жай өндүрүшүн көбөйтүүгө, жашылдандырууга, маданий-агартуу мекемелеринин абалын жакшыртууга, маданий мурастарды сактоого жана инвестицияларды тартууга бурула турганын белгиледи.
Байге фонду 6 миллион сомду түзөт. Быйыл сынактын катышуучулары эки топко бөлүндү. Биринчи топко катардагы айылдык кеңештер кирсе, экинчисине — бийик тоолуу, алыскы жана чек ара аймактарында жайгашкан айылдар кирген.
Биринчи топ:
I орун — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл өкмөтү (1,5 млн сом);
II орун — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айыл өкмөтү (1 млн);
III орун — Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү (500 миң).
Экинчи топ:
I орун — Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтү (1,5 млн сом);
II орун — Баткен районунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтү (1 млн);
III орун — Ош облусунун Араван районундагы Алла-Анаров айыл өкмөтү (500 миң).