Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу Жаңы жылдык корпоративдик кечелерге тыюу салынды
30 ноябрь 2020

Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу Жаңы жылдык корпоративдик кечелерге тыюу салынды

Кыргыз өкмөтү коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалдан улам Жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева билдирди.

«Бул маселенин жообу турган ишо: эч бир коллектив Жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрбөйт» деп баса белгиледи өкмөт башчысынын орун басары.

Ал 20-ноябрда штабдын премьер-министрдин м.а. менен өткөн отурумунда бул маселе боюнча бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликтерге катуу тапшырмаларды берилгенин эске салды.

Вице-премьер-министр мындай иш-чараларга адамдар көп болуп, анын натыйжасында социалдык аралык сакталбай, колкап жана маска режими иштебей жаткандыгына байланыштуу тыюу салынып жатканын тактады.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 71 миңден ашып, 1,2 миңден көп адам каза болду.