Президенттин м.а. 10-январда референдум өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койду
12 декабрь 2020

Президенттин м.а. 10-январда референдум өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койду

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо үчүн референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, референдум 2021-жылдын 10-январында, жекшемби күнү Кыргызстандын бардык аймагында өтөт.

Референдумга Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын тандоо маселеси коюлат:
— президенттик республика
— парламенттик республика
— бардык варианттарга каршы.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган жана расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.