Бишкекте Кувейттин элчилиги ачылышы мүмкүн
1 декабрь 2020

Бишкекте Кувейттин элчилиги ачылышы мүмкүн

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кувейттеги кесиптеши Ахмад Насер Аль Сабах менен видео конференция өткөр. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Атап айтканда, Кыргызстандагы ички саясий кырдаалды турукташтыруу, президенттик жана парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү, ошондой эле конституциялык реформа талкууланды.

Мындан тышкары, Кувейттин тышкы иштер министри Кыргызстандын жаңы жетекчилигине Кувейт Эмиринин куттуктоосун жеткирип, өлкөгө демократиялык кайра түзүүлөр жолунда ийгиликтерди каалады.

Дипломат Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин ийгиликтүү ишмердигин белгилеп, өз өлкөсүнүн Бишкекте элчилигин ачууга кызыкдар экенин маалымдады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба, инвестиция жана башка тармактардагы кызматташтыкты талкуулашты.