Кыргызстанда лыжа тебүү сезону башталды
2 декабрь 2020

Кыргызстанда лыжа тебүү сезону башталды

Кыргызстанда лыжа тебүү сезону ачылды, көптөгөн базалар каалоочуларды кабыл ала баштады. Өткөн дем алыш күндөрү Каракол лыжа базасында салттуу сезондун ачылышы болду.

«Төө-Ашуу» тоо лыжа базасы 21-ноябрда ишин баштады. «Оруу-Сай» базасы ноябрь айынын башынан тарта конокторду кабыл алууда. «Ак-Таш» базасы 29-ноябрда ачылганын жарыялаган.

«ЗиЛ» базасы ушул жумада ачылууну пландап жатат: биринчи каалоочулар 4-декабрдан баштап барса болот. «Кашка-Суу» менен «Ski Татыр» 5-декабрда ачылууну пландап жатат. «Чуңкурчак» тоо лыжа базасынын өкүлдөрү ачылууга азырынча даяр эместигин, анткени тоо боорунда кар жетишсиз экенин билдиришти.

«Тогуз-Булак», «Политех», «Чоң-Таш» базалары дагы кардын жоктугунан жакын арада ачылууну пландаштырган эмес.

«Орловка» базасы сезондун ачылышына даярданып жатат, бирок администрация анын так датасын айта элек. «Ак-Түз» базасы азырынча ишин баштаганын жарыялай элек.