Россияга кыргыз мигранттарынын агымы үч эсе кыскарды
24 ноябрь 2020

Россияга кыргыз мигранттарынын агымы үч эсе кыскарды

Коронавирус пандемиясына жана аба каттамдарындагы чектөөлөр Россияга келген чет элдиктердин, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын азайышына алып келди.

Ушул жылдын тогуз айында Россияга келген кыргызстандыктардын саны 238,19 миңди түзүп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9 эсеге аз.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда аба каттамы калыбына келтирилгенине карабастан Россиянын аймагына кирүүдө дагы эделе чектөөлөр бар. Азыр жумасына Бишкектен Москвага эки гана рейс каттап жатат. Пандемияга чейин Россиянын ар кайсы шаарларына жумасына 50гө чейин каттам болчу.

Ошондой эле, Бишкектен Россияга чартердик рейстер каттап жатат, бирок аны айрым категорияга кирген кыргызстандыктар гана колдоно алат.

Казак-орус чек арасы жабык болгондуктан, автотранспорт менен жүрүү дагы деле мүмкүн эмес. Россиядан Кыргызстанга Казакстан аркылуу жүк ташууга, катуу ооруп жаткан кыргызстандыктарды кайтарууга, ошондой эле Россияда каза болгон жарандарды алып келүүгө гана уруксат берилген.