Бишкекке Уралдагы мекендештердин гуманитардык жардамы жеткирилди
12 декабрь 2020

Бишкекке Уралдагы мекендештердин гуманитардык жардамы жеткирилди

Екатеринбург шаарында жайгашкан Кыргызстандын Башкы консулдугу 2020-жылы 12-декабрда кыргыз диаспораларынын лидерлери жана активисттери менен биргеликте Россиянын авиаташуучуларынын жардамы менен коронавирус пандемиясына каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлери үчүн Бишкекке гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Гуманитардык жардамды сатып алуу үчүн акча чогултууну Россиянын Челябинск облусунун Магнитогорск шаарында жашаган кыргыз ишкерлери, дарыгерлер жана жөн эле кайдыгер эмес адамдар жүргүзүшкөн.

Чогулган каражат медициналык персоналдын жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга сарпталды. Жүк Россиядан Кыргызстанга бекер жөнөтүлдү.