Кыргызстандыктар үчүн жаңы паспорттор даярдалат
16 декабрь 2020

Кыргызстандыктар үчүн жаңы паспорттор даярдалат

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы биометрикалык жарандык паспорттун алгачкы үлгүлөрүн алды.

Жаңы паспорттордо электрондук чип бар, 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери бар, заманбап материалдар жана жеке маалыматтарды киргизүүдө лазердик технологиялар колдонулган.

Жаңы документтерди киргизүү 2021-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган.

Паспорттун барактарында өлкөнүн аймактарынын символдору чагылдырылган: Мамлекеттик тарых музейинин, Манас эстелигинин, Сулайман-Тоо музей-комплексинин, Айгүл гүлүнүн, Токтогул ГЭСинин, Таш-Рабат, Манас күмбөзүнүн, Бурана мунарасынын, Ысык-Көлдүн жана Теңир-Тоонун сүрөттөрү бар. Ошондой эле, Кыргызстанда жашаган Кызыл китепке кирген жаныбарлардын сүрөттөрү да камтылган.

Паспорттун арткы мукабасынын ички бөлүгүндө республиканын административдик-аймактык картасынын сүрөтү түшүрүлгөн.

Электрондук паспорттордун бланктарын Германиянын Mühlbauer ID Services GmbH компаниясы жеткирип берет.