Референдум жана президенттик шайлоо: бюллетендер түсү боюнча айырмаланат
21 декабрь 2020

Референдум жана президенттик шайлоо: бюллетендер түсү боюнча айырмаланат

БШК президенттик шайлоо жана референдум боюнча бюллетендер түсү боюнча айырмаланарын билдирди. Бири ак, экинчиси көк болот. Ошол эле учурда, эгер шайлоочу жалпы элдик добуш берүүгө катышууну каалабаса, анда ал идентификациядан өткөндөн кийин алган чекти бюллетенге алмаштыра албайт.

Эскерте кетсек, референдум учурунда элден башкаруу формасын тандап алууга мүмкүнчүлүк берилет. Жооптун үч варианты болот: президенттик республика, парламенттик республика жана бардык варианттарга каршы. Жооптордун бирин гана тандоого болот.

Президенттик шайлоо менен референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.