Кыргызстандын 70 мыкты студенти президенттик стипендия алат
2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын 70 мыкты студенттерине Президенттин стипендиясы тапшырылды. Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.
Кыргызстандын Президентине караштуу Билим берүү фондунан өзгөчөлөнгөн студенттерди сыйлоо үчүн 3,5 миллион сом бөлүнгөн. Ар бир студентке 50 миң сомдон берилет. Күндүзгү билим берүүчү жогорку окуу жайларынын студенттеринин (курсанттарынын) тизмеси Президенттик стипендия алууга талапкерлердин документтерин кароо боюнча жумушчу топ тарабынан бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Комиссиясы тарабынан бекитилген.