Кыргызстанда балдарды өнүктүрүүчү 50 борбор ачылат
22 декабрь 2020

Кыргызстанда балдарды өнүктүрүүчү 50 борбор ачылат

Кыргызстандагы 50 китепкананын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору ачылат. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койду.

Мындай борборлордун пайда болушу мектепке чейинки курактагы балдардын билим алуусуна жана өнүгүүсүнө шарттарды кеңейтүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.

Өкмөт борборлордо билим берүүчү жана өнүгүү класстарынын пландары «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо» мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келерин тактады.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2019-2020-окуу жылында Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 25,4% түзгөнүн билдирген.