Кыргызстанда окуучулардын каникулу 10-январга чейин созулат
26 декабрь 2020

Кыргызстанда окуучулардын каникулу 10-январга чейин созулат

Мектептерде кышкы каникул 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 10-январына чейин созуларын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Базистик окуу планына ылайык, кышкы каникул 30-декабрдан 10-январга чейин болот. Үчүнчү чейрекке чейин окуучулар 12 күн эс алышат. 11-январь,2021-жыл — бул үчүнчү чейректин биринчи окуу күнү», — деп түшүндүрдү Билим берүү жана илим министрлиги.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү мектептердин 85%дан ашыгы кадимки режимде иштеп жатат.

Борбор калаанын мектеп окуучулары дагы эле аралыктан окуп жатышат, бирок үчүнчү чейректен баштап жалпы билим берүү мекемелеринин ишин салттуу форматта улантуу пландаштырылууда.