Кыргыздын улуттук ырлары жаңсоо тилине которулду
23 ноябрь 2020

Кыргыздын улуттук ырлары жаңсоо тилине которулду

Кыргызстандын улуттук ырлары угуусу начар адамдар үчүн жеткиликтүү болуп, жаңсоо тилине которулду.

Долбоор менен иштеген сурдокотормочу Айзада Абдылдаева кыргыз ырларын жаңсоо тилине которуу оңой болбогонун айтат.

Кыргызстандын өзүнүн жаңсоо тили жок болгондуктан, Россиянын жаңсоо тили колдонулат. Ошондуктан, ар бир ырды алгач орус тилине которуп, андан кийин гана жаңсоо тилине которулган. Мындан тышкары, ырларды которуу кадимки текст менен иштөөгө караганда кыйын болгон.
Кыргыз ырларын угуусу начар адамдарга жеткиликтүү кылуу идеясы блогер Акылбек Осмоновго таандык. Ал 12 видео жаздырды жана долбоорду улантууну пландап жатат.

Блогер YouTube аккаунтун жайылтып, мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарга өткөрүп берүүнү каалайт.