Кыргызстанда катализатору жок унааларды каттоого тыюу салынышы мүмкүн
30 ноябрь 2020

Кыргызстанда катализатору жок унааларды каттоого тыюу салынышы мүмкүн

Депутат Сагындык Келдибаев катализатору жок унааларды каттоого албоону сунуштады. Ал мындай демилгени 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү.

«Шаарда катализатору жок эски унаалар көп, эгер бар болсо, иштебейт. Катализаторлорду кымбат баада сатып алабыз деген кулактандыруулар дагы байма-бай ​​тарап жатат. Эмне үчүн алар текшерилбейт?» — деп Келдибаев суроо салды.

Эл өкүлүнүн айтымында, азыр кичинекей унаалар үчүн катализаторлор 25-30 миң сомду, ал эми чоң унаалар үчүн 1000-1500 АКШ долларын түзөт. Аппараттар жаңы унаалардан чыгарылып, ушундай баада сатылып жатканын Келдибаев белгиледи.

«РЭОго катализатору жок автоунааларды каттабагыла деп тапшырма бериш керек. Айлана-чөйрөнү караган агенттик чара көрсүн», — деп сунуштады эл өкүлү.

Ушундай эле пикирин төраганын орун басары Мирлан Бакиров билдирди. Катализаторлорду сатып алуу боюнча көптөгөн жарыялар бар экенин ал дагы белгиледи. Анын айтымында, айрым автоунаа тейлөө бекеттеринде катализаторлорду автоунаалардан ээлерине билгизбестен алып калып жатышканын айтты.

«Буга көңүл деле бурбай жатасыңар, бирок эртең бардык унаалардан катализаторлор алынып салынса, түтүн он эсе көбөйөт» , — деди вице-спикер.