Кыргызстанда үрөнчүлүктү өнүктүрүү жолго коюлат
9 декабрь 2020

Кыргызстанда үрөнчүлүктү өнүктүрүү жолго коюлат

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинде үрөнчүлүк чарбалардын башчыларынын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда, үрөн чарбасын өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон каржы инструменттери талкууланды.

«Биз республикада үрөн чарбаларын өнүктүрүүнү көздөп жатабыз: мамлекеттик деңгээлде үрөндү дотациялоо, ошондой эле пайыздык үстөгү менен жеңилдетилген шарттары бар атайын насыялар түрүндө, каражаттарды берүү мөөнөтү түрүндө», — деди Тилек Токтогазиев.

Бул үчүн үрөнчүлүк тармагы үчүн жаңы каржылык өнүмдөр иштелип чыгып, алардын шарттары жана ишке киргизүү жолдору талкууланууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар республика боюнча үрөн өстүрүүчүлөрдүн өнүгүү келечегин жана кыйынчылыктарын, анын ичинде жер маселеси, атайын техниканын жетишсиздиги, сапаттуу үрөндүн жоктугу, сугат үчүн электр энергиясына болгон жогорку тарифтер жана квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги тууралуу пикир алышышты.

Айыл чарба министрлиги өлкөнү өзүнүн сапаттуу үрөндөрү менен камсыз кылуу пандемия учурунда өзгөчө мааниге ээ болгон азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун элементи экенин белгилейт. Мындан тышкары, үрөнчүлүк келечекте өлкөнүн экспортко багытталган тармакка айланышы мүмкүн. Ошол эле учурда айыл тургундары жумуш менен камсыз болот.