17 ноябрь 2020

Кыргызстандын жаңы президенти кайсыл маселелерге көңүл бурушу керек?

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Өлкөнүн жаңы лидеринин алдында бир катар стратегиялык маселелер турат, алар көңүл бурууну, убакытты жана саясий эркти талап кылат. Он жылдын ичинде Кыргызстан үч ыңкылапты башынан өткөрдү, анын жыйынтыгы мурунку президенттердин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетиши болду. Кыргыз Республикасынын мурунку башчылары көйгөйлөрдү толук чече албай, катачылыктардан улам президенттиктен кетүүгө аргасыз болушкан.

Жаңы президент үчүн төмөнкү багыттар боюнча бардык чараларды көрүү жана конкреттүү иштерди жүргүзүү өтө маанилүү. Биринчи. Коррупция менен чыныгы күрөш. Кыргызстандагы окуялар көрсөткөндөй, президенттер Атамбаев менен Жээнбековдун коррупцияга каршы өнөктүгү өзгөчө тандалма жана саясий мүнөздө болгон. Коррупцияга каршы күрөш саясий оппоненттерин жоопко тартуу үчүн ыңгайлуу курал болуп калды. Кыргызстандын жаңы президенти өзүнөн мурункулардын кетирген каталарын эске алып, казынанын уурдалышына каршы масштабдуу күрөш жүргүзүшү керек. Коррупцияга каршы күрөш саясий интригаларга жана жеке упайларды жөнгө салууга айланбашы зарыл.
Биринчи кезекте, бажы чөйрөсүн, күч структураларын жана сот тутумун тартипке келтирүү жөнүндө сөз болуп жатат. Президент заманбап ачык-айкын көзөмөлдөө жана эсепке алуу тутумдарын, бажы органдарына укук коргоо органдарына жана сотторго талапкерлерди тандоонун акыркы ыкмаларын киргизип, аларды окутуу жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча эффективдүү программаларды түзүшү керек.
Экинчи. Бекем кадр саясаты. Сталин айткандай, кадрлар баарын чечет. Кайсы гана тармакта болбосун ар кандай кызматтарга жетекчилерди дайындаганда, президент кызматкердин кесипкөйлүгүнө жана тажрыйбасына көңүл бурушу керек. Тилекке каршы, Кыргызстандын мурунку президенттери көпчүлүк учурларда кызматтарга өздөрүнүн жакындарын, санаалаштарын жердештерин дайындашты. Ошентип, мурдагы президенттер өздөрүнүн бийлигинин вертикалын бекемдөөгө аракет кылышты. Бирок, бул ыкма өзүнүн командасынын сапатына жана республика башчысынын бардык иш-аракеттерине таасирин тийгизди. Жаңы президент үчүн кадрларды тандоодо кландык, аймактык жана жеке мамилелерди жана артыкчылыктарды четке кагуу пайдалуу жана маанилүү. Менежерлерди тандоодо негизги жана аныктоочу критерийлер келечектеги мамлекеттик чиновниктин билимине, тажрыйбасына жана адебине каратылууга тийиш. Кантсе дагы, президенттин кадрлары элдин жана мамлекеттин жашоосун жакшыртуу жана камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашырышы кажет.
Үчүнчү. Тышкы саясат. Кыргызстан дүйнөлүк жана регионалдык державалардын кызыкчылыгынын орбитасында турат жана ар бир тышкы оюнчу өзүнүн геосаясий кызыкчылыгын көздөйт. Кыргыз Республикасы үчүн чыныгы союздаш жана стратегиялык өнөктөш — бул Россия. Кремль Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугун сактоого кызыкдар. Экономикалык жана соода мамилелери менен катар Россия Кыргызстан менен аскердик-саясий кызматташтыкты өнүктүрүүдө. Россия менен Кыргызстандын ЖККУга, ЕАЭБге жана ШКУга биргелешип мүчө болушу эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү дагы да бекемдейт. Кыргызстандын жаңы президенти Россия менен байланышты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда, Кыргызстанда ар кандай батышчыл күчтөр иштеп, республиканын саясий климатына таасир этүүгө, Батыштын кызыкчылыгын көздөгөнгө аракеттенүүдө. Беларустагы акыркы окуялар, Тоолуу Карабактагы согуш көрсөткөндөй, Орусиянын Минск үчүн союздаш жана Карабак чатагында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы арбитр катары ролу талашсыз. Ушундан улам Кыргызстан өзүнүн коопсуздугун жана экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн Россия менен кызматташууну чыңдашы керек.
Төртүнчү. Светтик түзүмдүн сакталышы. Кыргызстанда диндин коомдогу ролу жогорулады. Диний көз караштардын терс таасирлери — радикализм, терроризм жана мамлекеттин абройунун солгундашы болгон.
СССР кулагандан кийин Кыргызстандагы идеологиялык боштук ар кандай көз караштар, анын ичинде түрдүү ишеним менен толтурула баштады. Дин жарандардын аң-сезимине таасир берчү рычаг болуп калды. Жаңы президент үчүн мамлекеттин кадыр-баркын көтөрүп, светтик өлкөнү өзүнүн үзүрлүү эмгеги менен сактап калуу маанилүү. Жарандардын мындан ары радикалдашуусу светтик коом менен диний жамааттардын кагылышуусуна алып келиши мүмкүн. Жаңы президент атайын кызматтын жана укук коргоо органдарынын туура тактикасы менен көзөмөлгө алып, радикалдык агымдардын таасирин жокко чыгара алат.
Бешинчи. Жаңы президент үчүн эң башкысы — Кыргызстандын экс-президенттери кетирген каталарды ар дайым талдап, алардын кайталанышына жол бербөө. Жаңы президент парламенттик шайлоого кийлигишүүдөн сак болушу керек. Ошондой эле конституциялык реформада жана баш мыйзамга өзүнүн пайдасына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө этият болууга милдеттүү. Ар бир президент Конституцияны өзүнүн кызыкчылыгына ылайык өзгөртүүгө аракет кылды. Өлкө башчынын ыйгарым укуктарын жогорулатуу кабыл алынган чечимдер үчүн тиешелүү жоопкерчиликтин пайда болушун билдирет.

Медербек Коргонбаев

Медербек Коргонбаев
Медербек Коргонбаев саясий аналитик