18 ноябрь 2020

Кайрат Осмоналиев: Мурунку каржы мунапысында казынага болгону 38 миллион сом, азыркысында 575 миллион сом түштү

Кайрат Осмоналиев — Юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин алдындагы Коррупцияга каршы стратегиянын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү. Ал республикада жарыяланган экономикалык мунапыс өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.

21-октябрда, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кайрылуу жасап, каржылык мунапыс жарыяланганын айткан. Мунапыска ылайык, коррупцияга кол ургандар 30 күндүн ичинде мыйзамсыз мүлктөрүн легалдаштырышы керек. Жапаров бул аралыкта аларга кылмыш жазасы колдонулбай турганына кепилдик берген. Ар кандай каржылык мунапыс сыяктуу эле, бул өнөктүк убактылуу жана өзгөчө мүнөзгө ээ. Мындай айласыз чара көмүскө экономика секторун кыскартууга, бюджетке кошумча каржы булактарын алууга жана коррупцияга каршы күрөшүүгө, материалдык мүнөздө жемкорлордун жоопкерчилигине карата коомчулуктун талабын кандырууга багытталган.

Жарыяланган мунапыстын алкагында ушул өнөктүктүн укуктук негизин түзө турган мыйзам долбоорлорунун пакети иштелип чыкты. Атап айтканда, «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кылмыш-жаза, Кылмыш-процесстик жана Салык кодекстерине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы). Ушул мыйзам долбоорлору кабыл алынары менен, жарыяланган каржылык мунапыс боюнча тиешелүү натыйжага ишенсек болот, анын алкагында салыктык мунапыс 2021-жылга чейин пландаштырылууда.

Кыргызстанда пландаштырылып жаткан салык мунапысынын Россиядагы капиталдык мунапыс менен мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар. Бул мамлекеттик бюджетке салык карыздарын жарым-жартылай төлөөнүн ордуна салык кирешелеринен жашырылган укуктук талаага кайтып келүүнү билдирет. Россияда өткөн үчүнчү капиталдык мунапыс, менин билишимче, былтыр узартылып, быйыл дагы узартылып жатат, ошондой эле чет өлкөдөн келген капиталды кайтарып алууга багытталган.

Бул мунапыстын өзгөчөлүгү (буга чейин ушундай эле мунапыс 2007, 2010 жана 2013-жылдары болгон) — негизинен коррупциялашкан чиновниктерге багытталгандыгы. Жапаров жарыялагандан соң коррупцияга байланыштуу 4 кылмыш иши боюнча тергөө иштеринин натыйжасында бюджетке 575 миллион сом түштү. Бул көзгө көрүнөрлүк жыйынтык. Мисалы, буга чейинки каржы мунапысынын натыйжасында казынага 38 миллион сом гана түшкөн.

Салыктык мунапыс жөнүндө айта турган болсок, ал 2001-2002-жылдардагы италиялык өнөктүктүн ийгиликтүү тажрыйбасын негиз катары алат деп болжолдонууда. Ал кезде италиялыктар бардык кирешелерин, анын ичинде чет өлкөлөрдө сакталгандарды, жалпы суммасынын 2,5% казынага төлөп берүү же жашыруун мүлктүн наркынын 12% мамлекеттик облигацияларын сатып алуу менен мыйзамдаштыра алышкан. Мунапыс жарыялангандан кийинки алгачкы эки айда Италия 61 миллиард евро суммасында капитал жыйганга жетишти. Ашыкча суммадан, декларанттын тандоосу боюнча, декларацияланган объектинин наркынын 1% өлчөмүндө накталай акча төлөнөт же 7 жылдык мөөнөтү бар мамлекеттик баалуу кагаздар декларанттын жылдык 5% кирешеси менен декларацияланган объектинин наркынын 10% өлчөмүндө сатылып алынат. Бул бийликтин сунушунун өзөгү.

Албетте, мунапыс аяктагандан кийин, кылмыш жазасы жана айып пул түрүндөгү чара дагы колдонулат. Албетте, мунапыс үчүн 30 күн өтө кыска, дагы алты айга узартылат деп ойлойм.

Марина Гречанная жазып алды.

Кайрат Осмоналиев
Кайрат Осмоналиев тарых илимдеринин доктору, профессор