Кыргызстан COVID-19дун анализи үчүн жаңы жабдууларды алат
29 декабрь 2020

Кыргызстан COVID-19дун анализи үчүн жаңы жабдууларды алат

COVID-19 үчүн кошумча 80 миң анализ жасоого мүмкүнчүлүк берген жаңы жабдууларды Кыргызстанга АКШнын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору (CDC) берет.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан 652 миң долларлык лабораториялык каражаттарды жана жабдууларды алат, алар Бишкек, Нарын, Ош жана Ат-Башы районундагы ооруканаларга таратылат. Берилген материалдар COVID-19га тест жүргүзүү үчүн колдонулат жана күнүнө дагы 2700 коронавирустук анализ жасоого мүмкүнчүлүк берет.

«Бул узак мөөнөттүү инвестиция. Белек катары берилген жабдыктар өлкөгө учурдагы пандемия менен гана эмес, келечекте башка жугуштуу оорулардын жайылышынын алдын алууга да жардам берет. Жабдуулар ПЦР үчүн жаңы термоциклдарда камтайты, жалпы наркы 300 миң АКШ долларынан ашат, бул үчүнчү тараптын өндүрүүчүлөрү чыгарган ар кандай сыноо тутумдарынын кеңири спектрин колдонууга шарт түзөт, бул болсо COVID-19ду тестирлөө үчүн Кыргыз Республикасынын потенциалын бир кыйла жогорулатат», - деди CDCнын Борбордук Азия боюнча директору, доктор Дэниел Сингер.

Акыркы кайрымдуулук CDC тарабынан COVID-19 эпидемиясына каршы күрөштө Кыргызстанды колдоо максатында жарыяланган 1,38 миллион долларлык жардамдын бир бөлүгү экени көрсөтүлгөн.