Президентти жана депутаттарды шайлоого 853 миллион сом кетет
25 ноябрь 2020

Президентти жана депутаттарды шайлоого 853 миллион сом кетет

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков 2021-жылы президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого болжол менен 853 миллион сом сарпталарын айтты. Азырынча бул сумма кийинки жылдын бюджетине киргизилген жок, анткени ал октябрдын башындагы окуяларга чейин эсептелген болчу. Ал ошондой эле, мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоо болорунэч ким билбегенин кошумчалады. Буга чейин шайлоо өткөрүүгө АКШ өзүнүн каржылык жардамын сунуштаган. Саясат таануучу Мирлан Түмөнбаев Американын айкөлдүгүнүн себебин түшүндүрдү.

«Кыргызстан үчүн азыркы шарттарда кошумча миллиондор (так сумма азырынча атала элек) ашыкча болмок эмес. Суроо башкада. Келечекте республика „кайрымдуулук“ кылгандардын акчасын кантип төлөп бериши керектигинде. Эксперттер ири геосаясий оюнчу тарабынан акча бөлүнгөнүн өлкөнүн ички саясий ишине кийлигишүү катары баалашуда, чындыгында мындай болбошу керек эле. Бул саясий кырдаалдын курчушуна (тышкы оюнчулар өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыгын пайдаланып, окуяларды өздөрүнө жаккан багытка бурушу мүмкүн), ал тургай эгемендүүлүктү жоготуп алуу коркунучун жаратышы мүмкүн.

Дагы бир нюанс бар. Кыргызстан менен ар кандай тармактарда эки тараптуу келишимдер бекем байланыштырган Россиядан айырмаланып, АКШ менен гуманитардык кызматташтык жөнүндө денонсацияланган келишимге кол коюла элек. Сүйлөшүүлөр уланууда. Америка Кошмо Штаттарынын „шайлоо алдындагы жардам“ көрсөтүүсүн өнөктөш экенин көрсөтүмүш болуп шайлоого таасир берүүгө аракет кылып жатат деп айтууга болот. Бул ошондой эле Россияны „кысып чыгарып“, Кыргызстандагы өзүнүн „таасирин“ ээлөөгө умтулуудан улам келип чыгышы мүмкүн», — деп белгилейт эксперт.