Жапаров Кыргызстанда орус тилинин расмий статусу сакталарын убадалады
13 январь 2021

Жапаров Кыргызстанда орус тилинин расмий статусу сакталарын убадалады

Кыргызстанда орус тили расмий статусун сактап калат. Бул тууралуу президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров Россия-24 телеканалына берген маегинде билдирди.

«Орус тили расмий статуска ээ болгон жана мындан ары дагы расмий статуска ээ болот», — деп ишендирди Кыргызстандын шайланган президенти.

Жапаров белгилегендей, СССР кулагандан кийин Кыргызстан менен Россия «союздаш, жакын өнөктөш болуп калды», эки мамлекеттин мамилеси «бир тууган сыяктуу», ошондуктан «Россия менен жогорку дипломатиялык мамилелер улана берет».

Жапаровдун айтымында, «Россиясыз абдан кыйын болоорун бардык кыргызстандыктар билишет, анткени экономикалык жана геосаясий пландаРоссия негизги союздаш жана өнөктөш».

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана референдум болуп, анда жарандар өлкөдөгү башкаруу формасын тандашты. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоо участкаларынын 98%дан ашыгынын маалыматтарын санап чыккандан кийин, Садыр Жапаров 79% дан ашык добушка ээ болду. Шайлоого катышкандардын 80%дан ашыгы президенттик башкаруу формасына өтүүнү колдогон.