Россия Кыргызстандагы орус тилинин абалына баа берди
10 декабрь 2020

Россия Кыргызстандагы орус тилинин абалына баа берди

«Россия сегодня» эл аралык маалымат агенттигинде «Дүйнөдөгү орус тилинин абалы боюнча жаңы изилдөө» деген темада онлайн конференция болуп өттү. Ошол эле учурда, постсоветтик мейкиндикке, айрыкча Борбор Азиядагы кырдаалга басым жасалды.

Тил саясатын изилдөө жана эл аралык билим берүү борборунун жетекчиси Светлана Камышева Кыргызстан менен Беларусь орус тили эң көп талап кылынган өлкөлөр экенин айтты. Бирок, Кыргызстанда мектептердин 30%ы гана орус тилинде окутушат, ал эми жогорку билим 70% орус тилинде берилет.

Анын айтымында, мындай көрүнүш кыргыз тили өзүнүн илимий жана билим берүү катмарында толук калыптанбаганына байланыштуу. Өз кезегинде орус тили дагы деле болсо улуттар аралык баарлашуунун тили. Иш жүзүндө, бул үй-бүлөлүк деңгээлде Кыргызстандын жашоочулары өз эне тилинде сүйлөшө берет, бирок ишкердик чөйрөсүнө келгенде орус тили керек.

Камышеванын айтымында, орус тили Кыргызстанда акырындык менен өз позициясын жоготуп баратат. Анын себептеринин бири — орус тилдүү чөйрөнүн жоголушу, ал эми орус тилинде сүйлөгөндөр Россияга же башка өлкөлөргө кетип жатышат. Мындан тышкары, тилди үйрөнүүгө болгон мотивация төмөндөөдө. Өз кезегинде, кыргыз тили орус тилин четтетүүгө аракет кылып жатат, анын ичинде тийиштүү сунуштар Кыргызстандын парламентинде дагы айтылып келет. Лингвисттер мындай көрүнүш качандыр бир кезде болорун айтышат, бирок мындай чечим эртелик кылат.

Кыргызстанда орус тилин үйрөнүүнү каалаган адамдардын негизги көйгөйү — мугалимдердин жетишсиздиги. Россиянын толук кандуу билим берүү чөйрөсү Бишкекте гана калган. Ошол эле учурда, мисалы, Ош облусунда көптөгөн ата-энелер балдарын орус тилдүү мектептерге бергиси келет, бирок ал жакта кадрлар жетишсиз. Эксперттин айтымында, натыйжада балдар бир партада үчтөн отурууга аргасыз болууда.