Соттор президенттин милдетин аткаруучуга УКМКнын кысымына даттанышты
25 декабрь 2020

Соттор президенттин милдетин аткаруучуга УКМКнын кысымына даттанышты

Соттор кеңеши президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго ачык кат жолдоп, анда күч органдарынын сот бийлигине болгон кысымына тынчсыздануусун билдирди.

«Ошол эле учурда, аталган ведомстволордун басма сөз кызматтары тарабынан дагы, ошондой эле бул коомдук органдардын айрым жетекчилери тарабынан тигил же бул соттун күнөөсү жөнүндө алдын-ала айтылган билдирүүлөр бар» деп айтылат катта.

Кайрылууга УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин Жогорку Соттун төраймы Гүлбара Калиевага кылмыш ишин козгоо боюнча билдирүүсү себеп болгон. Соттор кеңеши анын билдирүүсү Конституциянын нормаларына каршы келет деп эсептейт.

«Күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишин козгоонун негизги принциптеринин бири болуп саналат, ал адам кылмыш жасагандыгы мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен аныкталганга чейин күнөөсүз деп эсептелет», — деп айтылат билдирүүдө.

Соттор кеңеши күч түзүмдөрү сот бийлигинин беделин түшүрүп, андан кийин Кыргыз мамлекетинин негизине дагы кедергисин тийгизет деп эсептейт.