Медербек Коргонбаев: Жеңип чыгууга бери дегенде эки эле талапкерде мүмкүнчүлүк бар
25 ноябрь 2020

Медербек Коргонбаев: Жеңип чыгууга бери дегенде эки эле талапкерде мүмкүнчүлүк бар

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо өтөт. А дегенде жогорку кызмат ордуна 65 адам аттанып, азыр алардын 47си гана калды. Бул аягы эмес. Өлкөдө кырдаал оор, аны баары эле көтөрө албайт. Саясат талдоочу Медербек Коргонбаев «Кыргыз Элимге» алдыдагы президенттик шайлоонун мурунку шайлоолордон эмнеси менен айырмаланарын жана кыргыздар болочок президенттен эмне күтөрүн айтып берди.

Шайлоо алдындагы кырдаал мурунку президенттер шайланган шарттардан канчалык айырмаланат?

Быйылкы президенттик жарыш Кыргызстандагы мурунку президенттик шайлоодон түп-тамырынан айырмаланып, саясий жана экономикалык кризистин шартында өтүп жатат. Шайлоодон улам, коронавирус пандемиясы сыяктуу көйгөйлөр экинчи планга түшүп, ишкерлер эртеңки күндөн коркуп турушат. Кыргызстандан сыртка капиталдын агып кетиши байкалууда. Мунун бардыгы биздин жарандардын экономикалык жыргалчылыгына терс таасирин тийгизет. Ошол эле учурда Садыр Жапаровдун саясий тобу оппоненттерине караганда чыныгы артыкчылыктарга ээ. Шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтсө дагы, Садыр Жапаровдун жактоочулары жеңишке ишеним көрсөтүшүүдө.

Президенттик шайлоого 60тан ашуун адам катышууну каалаган. Өткөн жолу 50дөн ашык адам болгон. Каалоочулардун көптүгү эмнеден далалат берет?

Көпчүлүк талапкерлер үчүн президенттик шайлоого катышуу саясий тажрыйба топтоо, жеке амбицияларына жооп берүү жана мүмкүнчүлүктөрүн сыноо болуп саналат. 60тан ашык талапкердин ичинен бери дегенде эки талапкердин жеңишке жетүүгө чыныгы мүмкүнчүлүгү бар.

Сиздин оюңуз боюнча, кимдин жеңишке болгон мүмкүнчүлүгү жогору жана анык фаворит барбы?

Мен бийликти түндүктөгү саясий элитага өткөрүп берүү үчүн регионалдык приоритет келип чыккандыгын мурда жазгам. Демек, президенттик шайлоо үчүн негизги күрөш Садыр Жапаров менен Канатбек Исаевдин ортосунда жүрөт. Экөө тең түндүк аймактан.

Бардык талапкерлер Россия менен дос болууну каалашканы жөнүндө айтып жатышат, эмне үчүн эч ким Кытай же АКШ менен дос болууга чакырбайт? Россияга мындай тартылуунун кандай негизи бар?

Мунун бардыгы геосаясат, экономикалык жана аскердик-саясий факторлор менен түшүндүрүлөт. Кыргызстан менен Россияны жалпы өткөн, азыркы жана келечек, аймактык жакындык жана жашоону камсыздоонун жалпы маселелери байланыштырып турат. Россияны кыргыз эли биринчи кезекте күчтүү шериктеш катары карашат. Россия менен Кыргызстандын экономикасы бири-бири менен тыгыз байланышта. Мен кадимки мисалдарды келтирем — биз күйүүчү-майлоочу материалдарды Россиядан арзандатылган баада алабыз. Кыргызстандын ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн Россия Федерациясынан келген кыргыз мигранттарынын акча которуулары түзөт. ЖККУнун алкагындагы Канттагы орусиялык аскер базасы Кыргыз Республикасынын коопсуздугунун кепилдиги болуп саналат. Россиянын Кыргызстанга аскердик-саясий жана экономикалык таасири бар. Бул президенттикке талапкерлердин орусиячыл векторун түшүндүрөт.

Көпчүлүк кыргыздардын көз карашы боюнча идеалдуу президент кандай болушу керек жана ал кандай реформаларды жасашы кажет?

Биздин концепцияда идеалдуу президент — бул элдин кызыкчылыгын коргоого жөндөмдүү, патриот, адилеттүү мамлекет башчысы. Кыргызстандагы саясат биздин жеңишке жетүү үчүн катуу жана күчтүү кармоо керек болгон улуттук көк бөрү оюнубузду эске салат. Бизге ушундай темирдей бекем жана күчтүү руху бар президент керек. Жаңы президенттен экономиканы көтөрүп, жаңы жумуш орундарын түзүп, чек ара маселелерин чечип, аймактарды өнүктүрөт деп күтүп жатабыз.