Олег Колесников: «Коррупцияга каршы  жасалма күрөш жүрбөшү керек!»
14 ноябрь 2020

Олег Колесников: «Коррупцияга каршы жасалма күрөш жүрбөшү керек!»

Россия Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшкө көмөктөшөт. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты, Коопсуздук жана коррупцияга каршы комитеттин мүчөсү Олег Колесников билдирди. Ал учурда Кыргызстанда мамлекет жетекчилигине кеп-кеңеш берүү сапары менен жүрөт.

Коррупцияга каршы күрөш жаатында эксперт катары таанылган Олег Колесников бул жаатта 10 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенет. Иш графиги тыгыз болгонуна карабай, ал «Кыргыз Элим» үчүн эксклюзив маек берип, жемкорлукка каршы тажрыйбасы менен бөлүштү.

 – Олег Алексеевич, а дегенде Кыргызстанга сапарыңыздын максатына токтолсок.

Мен коррупцияга каршы күрөштү мыйзамдык жактан камсыздоо жаатында эмгектенген эксперттердин биримин. Алгач коррупция жөнүндө, анын коомчулукка коркунучу жөнүндө кеп кылайын.

Жашоодо коррупциянын кай бир түрүнө сөзсүз кабылабыз. Анын катарына аткаминерлерге же алардын үй-бүлөсүнө жарандар берген ар кандай белектер, кызмат көрсөтүүлөр да кирет, бул категорияга непотизмди да кошсок болот.

Тейлөө жаатындагы коррупция саламаттык сактоо, билим берүү, спорт, маданият, каттоо, аскерге чакыруу өңдүү бир катар тармактарды ээлеп калган.

Кыргызстандагы күч органдарынын өкүлдөрү менен сүйлөшкөн учурда жемкорлукка байланыштуу бир топ маселелерди жана анын коркунучун да талкууладык. Коррупциянын айынан жаралчу маселелер коомдун коопсуздугуна, бейпилдигине, демократиялык түшүнүктөргө жана баалуулуктарга, туруктуу өнүгүүгө жана мыйзамдуулукка кедергисин тийгизет. Биз коррупция локалдык көйгөй эместигин, коомго жана бардык мамлекеттердин экономикасына зыяндуу таасири бар трансулуттук көйгөй экени тууралуу сүйлөштүк.

— Бул жерде бир суроо кызыгуу жаратат — Кыргызстандагы коррупция менен күрөш Россия үчүн канчалык маанилүү?

Мен ансыз да кепти ушуга бурайын дегем. Орусиянын кызыкчылыгында логика бар, ал бир мамлекеттеги коррупциянын жайылышы кийинчерээк жалпы апаатка айланышын каалабайт. Бул мыйзам ченемдүү: биз постсоветтик аймактагы тилектеш мамлекетте жемкорлуктун кызыл чекке жетишин каалабайбыз. Бүгүнкү күндө коррупциянын чеңгелине түшүп калуудан коргонуу, ага каршы эффективдүү саясат жүргүзүү Россия Федерациясынын эң маанилүү аракеттеринин бири саналат.

Мындайча айтканда, коррупция — бардык мамлекеттерде социалдык башкаруу тармагындагы апаат болуп келген. Бул интернационалдык кубулуш. Ошондуктан, ага каршы эки тараптуу көз караш менен күрөшүү керек.

Бүгүнкү күндө Россия да, Кыргызстан да муну түшүнөт. Бүгүн биз коррупцияга түп-тамырынан каршы туруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарсак, эртең анын коомдук мамилелер тутумуна таасиринин өсүшүнө салым кошо алабыз. Коррупция коомдук мамилелерди жөнгө салып, мыйзамдан аша чаап же күнүмдүк көрүнүшкө айланып, мамлекетти алсыратат.

Кыргызстандагы бийликтин тез-тез алмашып турушун эске алалы, мында жарандардын жемкорлуктан тажаган маанайы, калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгү байкалат. Кеңири жайылган коррупция төңкөрүштөргө түрткү берет. Ошондуктан, мамлекеттик коопсуздукту, коррупцияга каршы мыйзамдарды камсыз кылуу максатында кызматташууга ниеттенип жатабыз.

— Сиз коррупцияга каршы мыйзамдык жактан каршы турууга көп басым жасап жатасыз. Муну кылмыш жоопкерчилигине тартуу жаатындагы чаралар жетишсиз деп түшүнсөк болобу?

Мыйзам чыгарып коюу менен гана коррупцияны жеңип болбойт. Бул үчүн коррупцияга каршы мыйзамдардын интегралдык тутумун калыптандыруу талап кылынат. Анда коррупция үчүн жоопкерчилик аспектилери дагы, мамлекеттик башкаруунун коррупцияга каршы механизмин калыптандыруу аспектилери дагы жөнгө салынышы керек. Ушуга байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путин 2018-2020-жылдары коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук план жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Коррупцияга каршы аракеттеги мыйзамдардын учурдагы тутумун талдаган кезде ошол мыйзамдардын өзүндө коррупциянын айрым факторлору бар экендиги аныкталды. Бул жагдай аларды андан ары иштеп чыгуу зарылдыгын талап кылат. Мамлекет жана коом өнүгүү жолунда түрдүү факторлорду эске алуу менен коррупцияга каршы күрөшүү каражаттарын түзүүгө милдеттүү. Ошондой эле аларды мамлекеттик башкаруунун ар кандай тепкичинде — федералдык, аймактык жана жергиликтүү деңгээлде сынап көрүшү керек.

Жеке мен коррупцияга каршы мыйзамдык күрөшүү жаатында 12 жылдан бери алектенем. Бул жылдарды системалык анализ жүргүзүүгө, тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгып, тажрыйба топтоого жумшадык. Менин оюмча, союздаш өнөктөшүбүз саналган Кыргызстанга биздин тажрыйбанын пайдасы тийет.

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына таянсак, коррупцияга каршы күрөштө жалпы байланыш түйүндөрүн таптык деп айта алам. Россиянын бул жааттагы тажрыйбасын да талкууладык. Белгилей кетейин, коррупцияга каршы күрөш менен бул терс көрүнүшкө каршы туруунун ортосунда бир топ айырмачылыктар бар. Коррупцияны жеңүү — өзүнчө маселе, ага каршы мыйзамдуу тосмо коюу — бул башка маселе. Мында Россиянын тажрыйбасын колдонуу мүмкүн. Анүстүнө Россия Федерациясынын учурдагы коррупцияга каршы мыйзамдары бардык эл аралык стандарттарга жооп берет.

— Россиянын тажрыйбасы Кыргызстандагы реалдуулукка канчалык шайкеш келет? Деги, Россиянын тажрыйбасы башка мамлекеттердеги коррупцияга каршы аракетке канчалык пайдасын тийгизе алат?

Кандай болгон күндө дагы, коррупция экономиканы талкалап, адамдын жана жарандын укуктарын бузуп, бизди келечектен ажыратат деген түшүнүк бар. Адам төрөлгөндөн баштап ээ болгон укуктары чындыкка дал келбеген кооз сөздөр катары кагаз жүзүндө гана калат.

Ооба, Россияда деле күрөш чындыкка дал келе бербеген учурлар болду. Катачылыктар бар. Укук коргоо органдарында жана сот тутумунда дагы эле аша чабуулар болуп келатат. Бирок, экинчи жагынан, адамдар зирек боло башташат, жоопкерчиликтүү жана өтө сезимтал коом калыптанып, коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө чыдабайт.

Коррупция менен күрөш реалдуу натыйжа бериши үчүн албетте, реформалар жана жаңы мыйзамдар топтому жетишсиз. Бардык адамдардын каалоосу керек. Мыйзамды сыйлоону жана аларга баш ийүүнү каалоо зарыл. Пара алгандардын гана эмес, бергендердин дагы күнөөсү бар эмеспи.

Башкача айтканда, коррупцияга каршы күрөшүү менен бирге коомдун укуктук аң-сезиминин өнүгүшүнө салым кошуу керек. Паракорлук — көйгөйлөрдү тез арада чечүүнүн жолу эмес, дал ушул көйгөйлөрдүн башаты экенин элге түшүндүрүу кажет. Коомдогу баалуулуктар өзгөрүшү керек

— Баса, көпчүлүк уюшкан кылмыштуулукка каршы ийгиликсиз күрөштүн башкы себебин дагы коррупциянын жогорку деңгээлине байланыштырышат.

Кылмыш чөйрөсүн капиталдаштыруунун көлөмү өтө чоң суммага жетти. Кылмыш чөйрөсүндөгү ири көлөмдөгү акча агымы жогорку кызмат адамдарынын, укук коргоо жана сот органдарынын катышуусу жок ишке ашпайт. Уюшкан кылмыштуу топтор баңги заттарды транзит менен ташып, аткезчилик жүктөрдү өткөрүп жатышат. Алар канатынын астына ири кирешелүү бизнести, айрыкча акциздик товарлар менен байланышкан бизнести алууга аракет кылышкан. Эгер коопсуздук күчтөрүндө коррупция болбосо, кылмыштуу топтор мындай иштерди аткара алышмак эмес. Мыйзамдык каршылык көрсөтүү жаатында бир катар алгылыктуу кадамдар иштелип чыккан. Бул багыттагы орусиялык тажрыйба Кыргызстанда колдонулса, жакшы натыйжа берет деп ойлойм.

Россия бир кезде ошол эле кутурган олигархиянын үстөмдүгүн, 7-8 олигарх өлкөнү иш жүзүндө башкарып турган «боярлар доорун» башынан өткөргөн. Биз бул этаптан өттүк. Ушул терс көрүнүштөрдүн баарына туруштук берүү үчүн бийликтин компетенттүүлүгүнүн деңгээли жогору болушу зарыл деп эсептейм. Бийлик адамдардын күчү менен колдоосуна ээ болуп, жемкорлукту жок кылууга катаал жана аёосуз күрөшүүгө тийиш. Коррупцияга каршы туруу үчүн коррупционерлерге сокку уруу керек. Бийлик коомдун кызыкчылыгын көздөшү зарыл. Олигархтар тобунда андай кызыкчылык болбойт.

Олигархтар бизден — карапайым калктан чоң байлыгы менен гана айырмаланат. Бирок олигархтар саясатка аралашпоого тийиш. Коом аларга бийлик деп эмес, акчасы көп киши катары гана караган маанай түзүлүшү керек.

Эгер Россияны алсак, белгилүү бир өнүгүү жолунун натыйжасында, «саясий олигархтар» классы жок болуп кетти. Бардык өлкөлөр ушуну башынан өткөрүп жатышат. Кыргызстан дагы ушул этаптан өтөт. Мурда калыптанган саясий тутум, андагы ресурстар жана финансылык агымдар кландарга бөлүнүп, бир колго камалып калган доор өткөн мезгилде кала берет. Эгер бул ишке ашпаса, анда олуттуу коркунуч бар: коррупциянын деңгээли боюнча өлкө Африка мамлекеттерине жакындап, олигополия катары мүнөздөлөт. Мындайча айтканда, Кыргызстанда, айрым маалыматтарга караганда, байлар менен жакырлардын ортосунда олуттуу ажырым бар.

Албетте, бул сөзсүз түрдө Кыргызстандагы туруксуздук коңшу өлкөлөргө өтүп кетүү коркунучун күчөтөт. Бажы тармагында — көрүнбөгөн жана жабык чөйрөдө, тилекке каршы, көмүскө ыйгарым укуктуу «олигархтардын» жана алардын шериктеринин түшүнүксүз иш-аракеттери болот.

Жөнөкөй жарандардын ишенимин актоо үчүн коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү куралдарын колдонуу зарыл.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жасалма бойдон калбашы керек. Менин оюмча, биринчи кезекте, бийлик вертикалы так болууга тийиш. Кыргызстанды келечеги кең, ийгиликтүү өлкөлөрдүн катарына ишенимдүү түрдө киргизсе болот. Мындан тышкары, бул өлкөнү чоң келечек күтүп тургандыгына ишенем, анткени анын мүмкүнчүлүктөрү чоң. Ушул кезге чейин өлкөнүн көйгөйлөрүнүн жана экономикалык рецессиянын кыймылдаткычы коррупция сыяктуу коркунучтуу фактор болгондуктан, Россия бир катар реформаларды жүргүзүүнү көздөгөн президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун аракетин колдойт. Коррупцияга каршы иштөө үчүн реформалар, күчтүү саясий эрк жана конкреттүү иштөө механизмдери керек. Дагы бир жолу айтам: коррупция — бул биздин жалпы көйгөйүбүз, бул апаатка каршы күрөшүү үчүн ар бир адамдын аракети зарыл.