Узакбай Абдипаизов: Туулган жерге сүйүү айыл чарбасына жетелейт
8 декабрь 2020

Узакбай Абдипаизов: Туулган жерге сүйүү айыл чарбасына жетелейт

Дыйканчылык салттуу түрдө кыргыз экономикасынын негизги тармактарынын бири болуп эсептелет. Бирок, тармак олуттуу кыйынчылыктарды баштан кечирип, акыркы мезгилде өлкө азык-түлүктүн, анын ичинде эттин кымбатташына туш болду. Мунун себеби эмнеде жана кырдаалдан чыгуунун кандай жолу болушу мүмкүн? Айыл чарба боюнча эксперт, «АгроСтайл» ЖЧКнын директору Узакбай Абдипаизов «Кыргыз Элимге» ой бөлүштү.

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүү жаңы бийликтин артыкчылыктуу багыты болот деп жатат. Сиздин оюңуз боюнча, тармакта биринчи кезекте кандай реформалар жүргүзүлүшү керек?

Айыл чарбасы илгертеден эле көңүл чордондо, анткени биздин экономика аны менен байланыштуу. Бирок акыркы 20-30 жылдын ичинде дүйнө жүзү боюнча айыл чарбасынын рентабелдүүлүгү жогоруласа, бизде, тескерисинче, төмөндөгөн. Айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүүгө басым жасоо керек. Мал чарбасында — сандан сапатка өтүү зарыл. Биринчи кезектеги милдет — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Биздин айыл чарба тармагыбызды тобокелдүү дыйканчылык чөйрөсүндө өнүктүрүп жаткандыгыбызды эске алганда, бул маанилүү.

Эгерде айыл чарбасы артыкчылыктуу тармакка айланса, анда аны канааттандырууга болот. Азыр өкмөт сөздөн ишке өтүп, ушул багытта жигердүү жумуш жасоодо. Мен муну так билем, анткени азыр айыл чарба министри менен тыгыз байланышта болуп, ири долбоорлорду талкуулап жатабыз.

Жаңы эле башталдыбы же мурунку бийлик өкүлдөрү дагы ушул маселе менен алектеништиби?

Мурунку бийликтер дагы кандайдыр бир жумуштарды жасашты ... Бирок азыр менин оюмча, биздин министрликти мүмкүн болушунча реформалоо керек. Ал жерде өтө эле көп чиновниктер иштейт, алардын санын оптималдаштыруу зарыл. Мындан тышкары, айыл чарбасындагы ар бир багытты кылдаттык менен талдап, буга системалуу мамиле кылуу керек.

Этти чет өлкөгө экспорттоого тыюу салуу жөнүндө сөз кылалы. Сиздин оюңуз боюнча, өкмөттүн бул чечими канчалык салмактуу болду?

-Менин оюмча, өкмөт тыюу салууну тездетти, анткени экспорттоо дагы деле мыйзамсыз жол менен жүргүзүлүп жатат: мал чет жакка мурда кеткендей эле кетип баратат. Баалардын көтөрүлүшү жөнүндө айта турган болсок, мен ойлойм, базардын өзү бул көйгөйдү чечмек. Биздин экономика жана айыл чарбабыз көптөн бери жөнгө салынбай келген. Албетте, өкмөттү дагы түшүнсө болот. Бул идеянын авторлору чек аралардын жабылышы ички рынокто баалардын төмөндөшүнө алып келет деп ойлошкон. Бирок, андай болгон жок.

Баалардын өсүшүнүн себеби эмнеде?

Бизде этке жана малга болгон бааны базар өзү жөнгө салчу. Коңшу республикалар малдын эти дагы кымбаттагандыгына байланыштуу сатып ала башташты. Менин оюмча, бул мал чарбасынын бардык продуктыларына баалардын көтөрүлүшү менен байланыштуу — тоюттун баасы абдан жогорулады, кызмат көрсөтүүлөр, кызматкерлердин эмгек акысы ж.б. Мындан тышкары, Өзбекстандын айрым аймактарында кайра иштетүүчү ишканалар ачылып, алар бизден тирүү жандык сатып ала башташты деген маалыматтар бар.

Эгерде коронавирус пандемиясы болбосо, абал ушунчалык оор болбойт беле?

Албетте. Пандемияга чейин доллар 74 сом болсо, учурда 84 сом болуп, 10% дан ашык жогорулады. Демек, бардык тоюттар кымбаттап, экспорт көбөйүп, коңшу республикаларга көп экспорттой башташты, эттин баасы кескин көтөрүлүп кетти.

Эгер айыл чарбасы кыргыз экономикасынын салттуу тармагы болсо, эмне үчүн өлкөдө ири оюнчулар пайда болгон жок?

Союз кулагандан кийин менчиктештирүү башталды, жердин бардыгы жеке менчикке өттү. Советтер Союзунун тушунда турган ири колхоздор акцияларга бөлүнүп, толугу менен менчиктештирилген. Андан бери иш жүзүндө эч кандай консолидация болгон жок. Бирок муну азыр жасаш керек. Бүгүн бизде ири чарбалар жок, бирок негизинен чакан үй участоктору жана чарбалар бар. Ири кардар келгенде көбүнчө чоң көлөмдөгү продукцияга буйрутма берүүнү каалайт, бирок чакан өндүрүүчүлөр аны камсыз кыла алышпайт. Россиянын жана Казакстандын ири шаарларынан адамдар кайрылышат, бирок биз аларга жардам бере албайбыз, анткени чакан ишкерлердин дарамети жетишпейт. Дыйкандарга кызматташуунун же кеңейүүнүн артыкчылыктары жөнүндө билим берүү жана түшүмдүүлүктү жогорулатуучу жаңы иштөө механизмдерин киргизүү кажет.

Жаш дыйкан үчүн мыкты башталыш кайсы?

Кайсы аймакта иштей тургандыгына жараша болот. Мисалы, кызылча өстүрүү түндүктө өнүккөн, ушул чийки заттан кант өндүрүү бар. Тоо койнундагы жагымдуу аймакта багбанчылык менен алектенип, алма, алмурут, жемиш бактарын өстүрсөңүз болот.

Жаңы үйрөнүп жаткан адиске өзүлөрүнө таянып, бардык кыйынчылыктарга даяр болууга, «айлананы карап», жаңы технологияларды колдонууга кеңеш берер элем. Азыр бийлик кредит системасын иштеп чыгууда, бирок азырынча сиз өз күчүңүзгө ишенишиңиз керек. Мындан тышкары, атайын билим талап кылынат.

Кандай болгон күндө дагы, адамдар айыл чарба тармагына тез жана оңой иштеп акча табуу үчүн эмес, өз жерин сүйгөндүктөн барышат. Менин досторумдун айрымдары жаңы гана иштеп баштаганда, өзүлөрүнүн бир гектар, балким жарым гектар жери бар болчу. Бул 15 жыл мурун болгон, алар көп иштешти. Азыр алардын айрымдарында 200 гектар, кээ бирлеринде 500 гектар бар, алардын техникалары бар, алдыңкы технологияларды колдонуп жатышат. Бул адамдар бардык нерсеге өз билими менен жетишишти. Көп иштөөгө даяр адамга ийгилик күлөт.