Мигранттар театрынын жетекчиси Айнаш Козубаева: «Эч ким бири-бирине кыргыздай колдоо көрсөтпөйт»
19 ноябрь 2020

Мигранттар театрынын жетекчиси Айнаш Козубаева: «Эч ким бири-бирине кыргыздай колдоо көрсөтпөйт»

«Аян» кыргыз мигранттар театрынын жетекчиси Айнаш Козубаева кооздукту жана искусствону кандай гана жерде болбосун, жарата алат. Ал тургай труппадагы кесиптештери менен жашаган чакан эки бөлмөлүү батирде дагы. Театрдын өзүнүн имараты жана сахнасы жок, ошондуктан батирди бир эле маалда ар тараптан колдонууга туура келет: реквизиттердин кампасы катары дагы, машыгуу аянтчасы катары дагы... Айнаш чөкпөйт, ал өз ишин өтө жакшы көрөт.

Театрдын түптөлгөнүнө көп боло элек. 2019-жылы Москвадагы кыргыз диаспорасынын иш-чараларынын биринде Айнаш режиссер Садыр Сагынбаев менен таанышып, аны спектакль коюуга чакырган. Эртеси күнү кастинг башталды — актерлор мигранттардын арасынан тандалды.

— Биз орус тилинде да, кыргыз тилинде да чыгармаларды даярдоону каалагандыктан, Кыргызстандан келгендерди издедик. Кастингге болжол менен 100дөй адам катышкан, бирок көпчүлүгүнүн театр жөнүндө түшүнүгү жок болчу. Тандоо алты айга созулган. Биз каалоочунун баарын эле ала бербедик, сахнада ойноо үчүн акы төлөнбөй турганын, театр уюштуруунун максаты акча табуу эместигин айттык.

Айнаштын сөзүнө караганда, эң түйшүгү — спектаклдер үчүн менчик сахнанын жоктугу. Залды ижарага алыш керек, ал үчүн кеминде 30 миң рубль төлөө зарыл. Анын орду эмоциялар менен гана толтурулат. Дебюттук спектаклге 10 гана адам келген, бирок кийинчерээк (пандемияга чейин) 200-300 адам чогулган.

Пандемия башталгандан кийинки чектөөлөр баарын өзгөрттү. Айнаш «Кыргыз Элимдин» бир нече суроолоруна жооп берип, диаспоранын бүгүнкү жашоосу тууралуу ой бөлүштү.

Сиздин команда жагдайдан кантип чыгууда?

Биз эмгектенүүнү токтоткон жокпуз. Пандемия учурунда ишибизди аралык форматка — онлайн театрга котордук. Мен эки бөлмөлүү батирди ижарага алгам. Бир бөлмөдө өзүм, экинчисинде командам жашайт, труппада 8 адам бар.

Кыргызстандан келген адамдардын негизги көйгөйлөрү кайсылар?

Дегеле, азыр пандемиянын айынан көпчүлүк бул жака келе албай жатышат. Буга чейин бир топ жеңил жана жумуш көп болчу. Биз элчибиздин кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз — диаспора аны абдан жакшы эскерет, анткени ал баардыгы менен чынчыл иштеген. Ал биздин мекен менен ортомчубуз болгон.

Жалпысынан, пандемия учурунда диаспоралардагы көп адамдар Москвада эле калыштыбы?

Ооба, көптөгөн адамдар активист болуп иштешти, колл-борборлордо, көргөзмөлөрдө... Негизи, биз Москвада абдан ынтымактауубуз. Башка диаспоралар деле таң калышты, атүгүл биздин ушунчалык ынтымактуу экенибизге суктанышты. Менимче, эч ким бири-бирине кыргыздардай колдоо көрсөтпөйт. Башка элдерге дагы жардам бере алабыз. Пандемиядагы 3-4 ай кыйын болду, көпчүлүгү жумушсуз калышты. Биздин диаспорада көптөгөн активисттер, жеке ишкерлер, бизнесмендер бар, бардык маселелерди чогуу чечтик. Баса, пандемия учурунда Москвада бир дагы элчилик иштеген жок, кыргыз элчилиги гана иштеди.

Кандай жардам болду?

Ар тараптан. Ижара акысын төлөй албай, айлыксыз калгандарды колдодук. Биздин элчилик убактылуу жайгашуу үчүн акысыз жатаканаларды, ошондой эле оорулуу жана кош бойлуу аялдарга мекенине учуп кетүү үчүн учактарды уюштурду. Болгону 10 миң адам учуп кетти, калгандары жетишпеди. Москвада биздикилер көп эмеспи, дээрлик миллион чамалуу... Менимче, кош бойлуу аялдар бул жерде төрөшү керек болчу. Россиянын төрөт үйлөрүндө балдар төрөлгөндө, аларга жакшы шарт түзүлөт. Бул жерде медициналык жардам жакшы деңгээлде. Акчалай жардам ала алышат. Москвада энелерге жаңы төрөлгөн балдар үчүн баштык берилет, ичинде керектүүнүн баары бар. Биздин мекенибизде андай эмес, баары акылуу.