Россиядагы курулуштарда иштөө үчүн мигранттар COVID-19га тест тапшырышы керек
17 декабрь 2020

Россиядагы курулуштарда иштөө үчүн мигранттар COVID-19га тест тапшырышы керек

Россиянын курулуштарында иштөөгө уруксат алуу үчүн эмгек мигранттары COVID-19га тест тапшырышы керек. Мындай талап Роспотребнадзордун курулуш индустриясы боюнча жаңыланган сунуштарында каралган.

Документке ылайык, чет элдик жарандарды жумушка тарткан курулуш компаниялары мигранттарды ишке алардан мурун, аларды социалдык аралыкты сактоо менен обсервация тибиндеги бөлмөлөргө жайгаштырышы керек. Ошондой эле, чет элдиктер коронавируска карата тест тапшырышы керек.

Вирус жукканы аныкталса, жаран ооруканага жаткырылып, аны менен байланышта болгондор изоляцияга алынып, медициналык көзөмөлдө болушу керек.

Эгерде натыйжа терс чыгып, иммуноглобулин G жок болсо, анда жумушчу 14 күн обсервацияга алынат. Тест терс чыккандар жумушка орношо алышат.

Алгачкы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча, иммуноглобулин Gди аныктай албаган жумушчулар обсервацияга алынгандан кийин 8 күндөн эрте эмес убакытта кайра текшериле алышат.