1500гө жакын кыргызстандык студенттер чет өлкөдө бекер окуй алышат
28 ноябрь 2020

1500гө жакын кыргызстандык студенттер чет өлкөдө бекер окуй алышат

Чет өлкөдөгү ЖОЖдордо билим алуу үчүн кыргызстандыктарга болжол менен 1500 бюджеттик орун бөлүнүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана министрлигинин эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова 27-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, кыргыз студенттери үчүн бюджеттик орундардын көбүнчө Түркия бөлүп берет — 800 орун. Россияда 370-400, Венгрияда — 150, Кытайда — 70 кыргызстандык студенттер акысыз окуй алышат (30 орунду КЭР бөлүп берет, дагы 30у — ШКУнун келишими боюнча). Тажикстан кыргыз студенттери үчүн 50 бюджеттик орун бөлүп берет, Казакстан — 5-10.

Ошондой эле Латвия менен өкмөттөр аралык келишим бар. Программа иштей баштаган үч жыл ичинде Кыргызстандан 6 студент Латвияга окууга кетти.

Сунушталгандардын тизмесин тандоо, тестирлөө, катталуу жана тапшыруу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан, айрым учурларда ушул өлкөлөрдүн элчиликтери тарабынан жүргүзүлөт.

2021-жылы студенттерди чет өлкөгө окууга тартуу мурункулардан айырмаланат, анткени документтерди кабыл алуу пандемияга байланыштуу онлайн режиминде жүргүзүлөт.