Кыргызстандын мектеп ашпозчулары «мыкты» болуу үчүн ат салышат
20 ноябрь 2020

Кыргызстандын мектеп ашпозчулары «мыкты» болуу үчүн ат салышат

Бүгүн Кыргызстанда мыкты мектеп ашпозчусу аныкталат. Финалга чыккан беш талапкер «Мыкты мектеп ашпозчусу-2020» наамы үчүн ат салышат.

Сынак КР Билим берүү министрлиги менен БУУнун тармактык тамактануу институту менен биргеликте уюштурулуп, бир нече этап менен өткөн.

Тандоо турунун алкагында конкурска катышууну каалаган бардык мектеп ашпозчулары өз кесибине кандайча келгендиги жөнүндө окуяларды жөнөтүшкөн. Эң кызыктуу окуялардын 35 автору облустук этапка өтүп, мектептин менюсуна жаңы тамакты ойлоп таап киргизишкен.

Өтө оригиналдуу беш рецепти ойлоп тапкандар финалга чыккан.

Билим берүү жана илим министрлиги белгилегендей, мындай сынактар ​​мектеп ашпозчулары үчүн өзүн-өзү көрсөтүүгө, тамак жасоо боюнча чеберчиликтерин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Ашпозчулардын конкурсу мектептин тамагын жакшыртуу боюнча улуттук программанын алкагында өткөн. Учурда Кыргызстанда 700дөн ашуун мектепте окуган 200 миңге жакын башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилет.