Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
14 декабрь 2020
Кыргызстан ачык бюджет индексинен 63 упай топтогон
Ачык бюджет индексинде Кыргызстан 63 упай топтоду. Бул тууралуу 11-декабрда каржы министри Кыялбек Мукашевдин өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда талкууланды.
14 декабрь 2020
Москвадагы кыргыз спортчуларын коомдук тартипти сактоого чакырышты
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Россиянын шаарларында жашаган жаш мекендештер арасында алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
14 декабрь 2020
Кыргызстанда жыл башынан бери бензин 6,6 сомго арзандады
2020-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баалары жыл башынан бери арзандагына байкалууда.
14 декабрь 2020
Кыргызстандык балбан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө кубогунун финалына чыкты
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты. Спортчу 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашат.
14 декабрь 2020
Кыргызстанда бизнести текшерүүгө тыюу салынды
Кыргыз өкмөтү укук коргоо органдарына ишкерлерге текшерүү жүргүзүүгө тыюу салды.
13 декабрь 2020
Стамбулда Айтматовдун эстелигине гүл коюлду
12-декабрда белгиленүүчү улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу Нурлан Абдрахманов жана Башкы консулдуктун кызматкерлери Айтматов паркында жайгашкан анын эстелигине гүл коюшту. Мындан тышкары, иш-чарага парк жайгашкан район башчысы Али Кылыч катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиришти.
13 декабрь 2020
Кыргызстандык Рафаэль Физиев UFC 256 мелдешинде жеңишке жетти
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Лас-Вегаста өткөн UFC 256 мелдешинде биринчи раундда бразилиялык атаандашы Ренато Мойканону нокаут менен жеңди.
13 декабрь 2020
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке 18 талапкерди каттады
Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы президенттикке 18 талапкерди каттады. Мындай чечим 2020-жылдын 12-декабрында өткөн жыйында кабыл алынганын БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
12 декабрь 2020
Бишкекке Уралдагы мекендештердин гуманитардык жардамы жеткирилди
Екатеринбург шаарында жайгашкан Кыргызстандын Башкы консулдугу 2020-жылы 12-декабрда кыргыз диаспораларынын лидерлери жана активисттери менен биргеликте Россиянын авиаташуучуларынын жардамы менен коронавирус пандемиясына каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлери үчүн Бишкекке гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
12 декабрь 2020
Экономикалык натыйжа: Кыргызстандын экономикасы 5тен 25% чейин төмөндөйт
Кыргызстан үчүн 2020-жыл эгемендиктин бүткүл тарыхындагы эң оор жылдардан болуп калды. Биринчиден, экономика коронавирус пандемиясына жана дүйнөлүк кризиске, андан кийин бийлик алмашуусуна алып келген октябрь окуясына туш келди. Экономист Денис Бердаков «Кыргыз Элим» басылмасына берген маегинде жыл жыйынтыгына сереп салды.
12 декабрь 2020
12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгы белгиленди
12-декабрь, ишемби күнү, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгы белгиленди. Дал ушул Айтматов Кыргызстандагы кыргыз адабиятын дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан инсан катары белгилүү.
12 декабрь 2020
Президенттин м.а. 10-январда референдум өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койду
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо үчүн референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.
12 декабрь 2020
Россия менен Кыргызстандын почтасы PosTransfer акча которуу кызматын ишке киргизди
Россиянын жана Кыргызстандын мамлекеттик почталары PosTransfer жаңы акча которуу кызматын ишке киргизишти. Кызмат сизге заматта почта аркылуу акча которууга мүмкүндүк берет. Акчаны жөнөткөн кийин дароо алууга болот.
11 декабрь 2020
Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы 4-Ысык-Көл форуму ачылды
Бишкекте «Мамлекеттик жана саясий ишмер Чыңгыз Айтматов» деген темада 4-Ысык-Көл форуму ачылды. Анын катышуучулары Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын видео кайрылуусун угушту. Түрк лидеринин айтымында, Айтматов түрк элдеринин тарыхына чоң салым кошту, айрыкча анын чыгармалары дүйнөдөгү түрк тилдүүлөрдү бириктирип турат.
11 декабрь 2020
Депутаттар референдум өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты
Жогорку Кеңештин депутаттары башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты. Мындай чечим 10-декабрдын кечинде кабыл алынды. Референдум өткөрүүнү 63 депутат колдоду. 4 депутат каршы добуш берди. Алар: Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Айсулуу Мамашова жана Наталья Никитенко.
11 декабрь 2020
Октябрь айында Кыргызстанга которулган каражаттар 40 миллион долларга азайган
Ушул жылдын октябрь айында эмгек мигранттары Кыргызстанга 226,2 миллион доллар жөнөткөн, бул бир ай мурунку көрсөткүчтөн 40 миллион долларга аз.
11 декабрь 2020
Айтматовдун чыгармалары урду тилине которулду
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы Пакистандын расмий тили — урду тилине которулду Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
11 декабрь 2020
Кыргызстандык келин Москвадагы метродо көз жарды
Москва метросунда 29 жаштагы Кыргызстандын жараны Үпөл Курманова 9-декабрда «Электрозаводская» метросунда көз жарды.
11 декабрь 2020
Кыргызстан 2021-жылы 500 миллион доллар инвестиция тартууну пландап жатат
Учурда болжол менен 500 миллион АКШ долларына бааланган инвестициялык долбоорлордун тизмеси түзүлүүдө, аларды тышкы жана ички инвестицияларды тартуу менен каржылоо пландаштырылууда.
11 декабрь 2020
Кыргызстандын 2021-жылга карата бюджети тартыштык менен кабыл алынды
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын 2021-жылга карата бюджетин кабыл алып, 2022-2023-жылдарга божомолду жактырышты. Мындай чечим 10-декабрдагы отурумда кабыл алынды.
Назад
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
Вперед