Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
30 ноябрь 2020
Россияда чет элдиктер мыйзамдуу түрдө кийинки жайга чейин жүрө алышат
Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция боюнча департаментинин башчысынын орун басары Кирилл Адзинов пандемиянын шартында департамент чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын Россия Федерациясында болуу мөөнөтүн 2021-жылдын жайына чейин узартылышы мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, азыр бул маселе каралып жатат.
30 ноябрь 2020
Кыргыз бийлиги калктын 20%ы үчүн COVID-19га каршы вакцинаны бекер алууну пландап жатат
Кыргыз өкмөтү коронавируска каршы вакцина алуу үчүн COVAX компаниясына кайрылууну пландап жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева өзүнүн Твиттердеги барагына жазды.
30 ноябрь 2020
Россияда мигранттардын укуктук сабаттуулугун көтөрүү боюнча аракеттер башталды
Россиянын адам укуктары боюнча өкүлүнүн кеңсеси чет өлкөлүктөргө Россияда укуктук жактан ыңгайлашууга жардам берген «Мигранттардын укуктук сабаттуулук күндөрү» аттуу жаңы билим берүү долбоорун баштады.
30 ноябрь 2020
Кыргызстанда катализатору жок унааларды каттоого тыюу салынышы мүмкүн
Депутат Сагындык Келдибаев катализатору жок унааларды каттоого албоону сунуштады. Ал мындай демилгени 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү.
30 ноябрь 2020
Кыргызстандын бокс боюнча чемпиондору аныкталды
Бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш 2020-жылдын 23-ноябрынан 28-ноябрына чейин өттү. Жеңиш үчүн 120 спортчу күч сынашты: Кыргызстандын бардык аймактарынан 8 аял жана 112 эркек келген.
30 ноябрь 2020
Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу Жаңы жылдык корпоративдик кечелерге тыюу салынды
Кыргыз өкмөтү коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалдан улам Жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева билдирди.
29 ноябрь 2020
Мадина Саттар: Өкмөт мигранттардын көйгөйлөрүн билүүгө тийиш
Жүз миңдеген кыргыздар өз мекенинен сыртта жашашат. Көпчүлүгү иштегени кетип, жаңы жерде бир топ көйгөйлөргө туш болушат, бирок дайыма Кыргызстанды эстешет, анын тагдырына тынчсызданып, ага жардам берүүгө аракет кылышат. Supara.ru жаңылыктар порталынын негиздөөчүсү Мадина Саттар Россияда кыргыздар көп кездешкен көйгөйлөр жана диаспоранын потенциалын мекендин жыргалчылыгы үчүн кантип колдонсо болору жөнүндө айтып берди.
29 ноябрь 2020
Кыргызстан Түркияга IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жардам берет
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу учурунда Түркиянын уюштуруу комитети үч жолу жогорку деңгээлдеги оюндар өткөн Кыргызстандын тажрыйбасын колдонууну көздөп жатат.
29 ноябрь 2020
Жыл башынан бери Кыргызстанда 13,1 миң тонна жүн жана 1,4 миллион тонна сүт өндүрүлдү
Ушул жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан 13,1 миң тонна жүн өндүрдү. Өткөн жылы ушул эле мезгилде жүн өндүрүүнүн көлөмү 12,9 миң тоннаны түзгөн, деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында.
28 ноябрь 2020
Кыргызстандын парламенти уурдалган компьютерлердин ордуна 11,6 миллион сомго компьютер сатып алат
Жогорку Кеңеш компьютердик жабдууларды жана программалык камсыздоону 15,2 миллион сомго сатып алууга тендер жарыялады. Тийиштүү маалыматтар мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
28 ноябрь 2020
Акжол Махмудов Белграддагы Дүйнө чемпиондугуна барат
Грек-рим күрөшү боюнча 2018-жылдын Азия чемпиону Акжол Махмудов 2020-жылдагы Дүйнөлүк Кубокко катышат. Мелдештер 12-декабрдан 18-декабрга чейин Белградда (Сербия) өтөт.
28 ноябрь 2020
1500гө жакын кыргызстандык студенттер чет өлкөдө бекер окуй алышат
Чет өлкөдөгү ЖОЖдордо билим алуу үчүн кыргызстандыктарга болжол менен 1500 бюджеттик орун бөлүнүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана министрлигинин эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова 27-ноябрда билдирди.
28 ноябрь 2020
Орус тили Кыргызстанда расмий макамда калат
Кыргызстандагы орус тилин расмий макамдан ажыратуу сунушу четке кагылды. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү Урмат Аманалиев маалымат жыйынында билдирди.
27 ноябрь 2020
Райымбек Матраимов бюджетке 661,2 миллион сом которду
Каржы министрлиги 2020-жылдын 27-ноябрына карата Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов бюджетке 661,2 миллион сом которгонун билдирди. Ошол эле учурда, бюджетти колдоо үчүн акча чогултула турчу депозиттик эсепке 667,9 миллион сом келип түштү. Ошентип, каражаттын басымдуу бөлүгүн Матраимов салган, ал эми калган 6,7 миллион сомду жеке адамдар ыктыярдуу түрдө салган.
27 ноябрь 2020
Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 96-орунда
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 96-орунду ээледи. Октябрь айында улуттук команда дал ушул орунда болчу.
27 ноябрь 2020
Каржы министрлиги кайсы кредиторлор насыяны төлөө мөөнөтүн узартууну убада кылганын билдирди
Каржы министрлиги расмий Бишкек беш мамлекет менен насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшө алганын билдирди. Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Германия (KfW, Euler Hermes компаниялары) жана Түркия макул болгон.
27 ноябрь 2020
Атамбаевдин сүйлөшкөндөрүн тыңшоо боюнча кылмыш иши козголду
Адвокат Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокат Сергей Слесарев менен УКМКнын тергөө абагындагы сүйлөшүүсүн тыңшоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтымында, Аскер прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү баштады. Кылмыш иши «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзүнө же башкаларга пайда же артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалган» беренеси боюнча козголгон.
27 ноябрь 2020
Каржы полициясы мурдагы вице-премьер Сарпашевге кылмыш ишин козгоду
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Экс-чиновник жогорку кызматты ээлеп турганда көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү алып, алардын барын жакын туугандарына каттаткан деп шектелүүдө. Ошентип, УКМК ал байлыктарын декларацияда көрсөткөн эмес деген ойдо.
27 ноябрь 2020
Кыргызстанда канаттуулар чарбасы өнүктүрүлөт
Кыргызстанда канаттуу чарбасын өнүктүрүү пландалууда. Бролейлер тооктору менен жумуртка өндүрүшүн жогорулатылат. Тактап айтканда, тоокту үй шартында багуу мектеби ачылат.
26 ноябрь 2020
Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси парламенттик башкаруу формасын сындады
Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов өлкөдө парламенттик башкаруу формасы орной элек деп билдирди. Ал мындай система кедей өлкөлөрдө иштебей турганын белгиледи.Дипломат өлкөдө жүрүп жаткан конституциялык реформаны колдой турганын жана президенттик башкаруу формасына кайтып келүүнү каалай турганын айтты.
Назад
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
Вперед