Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
17 декабрь 2020
Садыр Жапаров Кыргызстан эмнеге таза шайлоого муктаж экенин түшүндүрдү
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров республикада төртүнчү революция болушу мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү мурунку ыңкылаптардын бардыгы таза эмес шайлоонун айынан болгон, ошондуктан шайлоодо мыйзам бузуулар болуп кетсе, жаңы саясий коллапс болушу мүмкүн.
17 декабрь 2020
Жогорку Сот Кубан Чороевди шайлоодон четтетти
Экономист Кубан Чороев шайлоодон четтетилди. Жогорку Сот Бишкектин административдик сотунун БШКнын аны талапкер катары каттообоо боюнча чечимин күчүндө калтырды.
17 декабрь 2020
Путин Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө пикирин айтты
Россиянын президенти Владимир Путин өзүнүн жылдык пресс-конференциясында Кыргызстанда биринчи жолу коомдук жана саясий өзгөрүүлөр болуп жаткан жок деп билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү туруксуз саясий кризис Кыргызстандын тургундары ички саясий жашоосун батыштын стандарттарына ылайыкташтырууга аракет кылып, алдыга кетип жатканына байланыштуу.
17 декабрь 2020
Кыргызстандын 70 мыкты студенти президенттик стипендия алат
2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын 70 мыкты студенттерине Президенттин стипендиясы тапшырылды. Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.
17 декабрь 2020
Россиянын Sputnik V вакцинасынын өндүрүшү Кыргызстанда ишке ашышы мүмкүн
16-декабрда Москва шаарында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россиянын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугушту.
17 декабрь 2020
Россиядагы курулуштарда иштөө үчүн мигранттар COVID-19га тест тапшырышы керек
Россиянын курулуштарында иштөөгө уруксат алуу үчүн эмгек мигранттары COVID-19га тест тапшырышы керек. Мындай талап Роспотребнадзордун курулуш индустриясы боюнча жаңыланган сунуштарында каралган.
17 декабрь 2020
Кыргызстандык жеткинчек Путинден жаңы жылдык белек катары «Газпромдун» акцияларын сурады
Кыргызстандык жети жаштагы мектеп окуучусу Рустам Ташматов Россиянын президенти Владимир Путинге кат жазып, Жаңы жылга карата кыялын — «Газпромго» же «Роснефть» компаниясынын акционери болуп, Туланын таттуу токочторун татып көрүүнү өтүндү.
17 декабрь 2020
Бишкек шаарын каптаган түтүнгө башкы план күнөөлүү
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов Бишкек шаарын каптаган кара түтүндүн төрт себебин атады. Ал Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, анда борбор калаанын абасынын булганышы талкууланды.
16 декабрь 2020
Россиянын ИИМи мигранттарды эки эсе аз каттоого алды
Россиянын Ички иштер министрлиги 2020-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин өлкөдөгү мигранттардын саны 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге азайганын билдирди. Мындай маалымат департаменттин статистикасында айтылат.
16 декабрь 2020
Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы Дүйнө Кубогунда алтын тагынды
Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта Айымдар арасындагы Дүйнө Кубогунда алтын медалды жеңип алды. Бул категорияда жалпы 13 балбан күч сынашты.
16 декабрь 2020
Евразиялык Фонд Кыргызстанга 3 миллион доллар грант бөлүүнү жактырды
Евразиялык Турукташтыруу жана Өнүктүрүү Фонду Кыргызстандын 3 миллион доллар грант алуу үчүн берген арызын канааттандырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Акча тез жардам унааларын сатып алууга жана медициналык мекемелерди тез жардам унаалары менен камсыздоого жумшалат.
16 декабрь 2020
Венгрия университеттерде 2021-2022-окуу жылына кыргызстандыктар үчүн 150 орун бөлүп берди
2021-2022-окуу жылына карата Венгриядагы университеттерге студенттерди кабыл алуу башталды. Анын алкагында 150 кыргызстандык студент Венгриянын университеттеринде билим алуу үчүн грант ала алышат.
16 декабрь 2020
Кыргызстандыктар үчүн жаңы паспорттор даярдалат
Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы биометрикалык жарандык паспорттун алгачкы үлгүлөрүн алды. Жаңы паспорттордо электрондук чип бар, 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери бар, заманбап материалдар жана жеке маалыматтарды киргизүүдө лазердик технологиялар колдонулган.
16 декабрь 2020
Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып пул көбөйтүлдү
Кыргызстандын өкмөтү флора жана фауна объектилерине, мумия камтыган минералдык чийки затка жана козу карынга келтирилген зыян үчүн айып пулду көбөйттү.
16 декабрь 2020
Кыргызстанда «сүт палатасы» пайда болот
Кыргызстанда сүттү өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү максатында «сүт палатасы» түзүлүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
15 декабрь 2020
Кыргыз жарандарынын ID-карталарына улут графасы киргизилди
Премьер-министрдин м.а. Артём Новиков Кыргызстандын жарандарынын паспортуна улуту жөнүндө графа киргизилген чечимге кол койду. Өзгөртүүлөр Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимдерин ишке ашыруу максатында киргизилген. ID-картада улутун көрсөтүү же көрсөтпөө ар кимдин колунда — бул ыктыярдуу чечим.
15 декабрь 2020
ЮНИСЕФ Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине антигенди текшерүү үчүн 10 миң экспресс-тест тапшырды
ЮНИСЕФтин жана Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине антигенди аныктоо үчүн 10 миң экспресс-тест тапшырды. Жиберилген жардамдын наркы 59,7 миң долларды түздү деп мекемеден билдиришти. ДССУ бул тесттерди туура колдонууу менен коронавирусту табуу үчүн зарыл болгон ПЦР тесттерди алмаштырууга болот деп эсептейт.
14 декабрь 2020
Бишкекте Түндүк Кавказга арналган фестиваль өтөт
Россиянын илим жана маданият борборунан билдиришкендей, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында «Түндүк Кавказ элдеринин маданияты» эл аралык фестивалы өтөт.
14 декабрь 2020
Мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга 40 млн сомдон аз каражат сарпталат
Кыргызстан БШКсы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга 39,94 миллион сом сарпталарын билдирди. Тактап айтканда, бюллетендерди даярдоого жана аларды жеткирүүгө 20,124 миллион сом кетет. Аймактык шайлоо комиссияларына 12 миллион 816 миллион сом бөлүнөт.
14 декабрь 2020
Россиянын ИИМи 2021-жылдын жай айына чейин чет элдиктердин өлкөдө болуу мөөнөтүн узартат
15-декабрда Россиянын президенти Владимир Путиндин чет өлкөлүктөргө, алардын өлкөдө жашоосунун мыйзамдуу мөөнөттөрү жана мындай укук берген документтердин жарактуулук мөөнөтү бүткөн болсо дагы, алардын укуктук статусун сактоого мүмкүнчүлүк берген жарлыгынын күчү аягына чыгат. Көпчүлүк кыргызстандыыктар ушул күндөн кийин Россиядагы эмгек мигранттарынын тагдыры кандай болот ойлонууда.
Назад
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
Вперед